Site icon Reporter.kg

Үч медианын эсебин камактан чыгаруу боюнча арыз бүгүн каралат

«Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларынын банк эсептеринин камакка алынышын жокко чыгарууга  боюнча Матраимовдордун жактоочусунун  арызы бүгүн, 13-декабрда саат 16:00дө каралат. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук сотунан кабарлашты.

Матраимовдордун жактоочусу Татьяна Карыжинская журналисттерге берген маалымат жыйында басылмалардын банктык эсебин камактан чыгаруу боюнча сотко арыз бергенин билдирген.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декбарда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгону белгилүү болгон.

Свердлов райондук соту 10-декабрда Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка кою боюнча Кыргызстандагы бардык банктарга аныктама берген.

Exit mobile version