Site icon Reporter.kg

Үч тонна мандаринди мыйзамсыз алып бараткан аткезчилер кармалды —  сүрөт

Үч тонна мандаринди мыйзамсыз алып бараткан аткезчилер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-мартта УКМК жана «Баткен» бажысынын биргелешкен аракетинин натыйжасында жергиликтүү тургундардын контрабандалык иш-аракеттерине бөгөт коюлган. Анда аталган адамдар 3 тоннадан ашуун салмактагы мандаринди өткөрүү пункттунан айлантып алып өтүп, Кыргызстандын базарларына сатышмак. Аткезчилер төлөгүсү келбеген Бажы төлөмдөрүнүн суммасы болжолдуу 50 миң сом.

Ошондой эле, Баткен облусунун Миң-Булак айылынан котрабандалык жол менен ташылып келе жаткан 3 тонна  жүк кармалган. Аны Баткен облусунун тургуну «Д.Н.М.»аттуу тургун Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаасы менен алып келе жаткан. Учурда кармалган жүктүн базар баасы жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө иштери жүрүүдө.

Аталган иштер боюнча тергөө башталып, тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

 

Exit mobile version