Үч жылда коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга байланышкан 6541 факты катталган

Үч жылда коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга байланышкан 6541 факты катталган

2018-2019-жылдары жана ушул жылдын сегиз айында коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга байланышкан 6 миң 541 факты катталып, сотко чейинки териштирүүгө алынган. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 17-сентябрда өткөн Коопсуздук Кеңештин жыйынында билдирди.

Жамшитовдун маалыматына ылайык, анын 1 миң 576 жазык иши боюнча тергөө аяктаган. Соттук кароого 965 жазык иши жөнөтүлгөн.

«2018-жылы 391, 2019-жылы 344, 2020-жылдын сегиз айында 230 иш. Бул жылдарда кызматтык жана коррупциялык кылмыштарга байланышкан жазык иштер боюнча мамлекеттик бюджетке 5 миллиард 826 миллион сом өндүрүлгөн. Ал эми 2,5 жыл ичинде кызматтык же коррупциялык кылмышы үчүн айыпталган 648 адам сот жообуна тартылган. Булардан соттун өкүмдөрүнүн негизинде 334 миллион 519 миң сом өндүрүлгөн», — деп билдирди башкы прокурор.

Мындан сырткары прокуратурадагы коррупцияны жоюу максатында көзөмөл органынын бардык бөлүмдөрүнө видео байкоо орнотулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>