Үй-бүлөлүк жаңжалдан кийин аял 3 баласын өлтүрүп, өз жанын кыйды

Үй-бүлөлүк жаңжалдан кийин аял 3 баласын өлтүрүп, өз жанын кыйды

Тажикстанда аял үй-бүлөлүк жаңжалдан кийин үч баласы менен асынып өлдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянуу менен басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын Согди облусуна караштуу Пенжикент районунун Некнот айлынын жашоочулары 10-апрелде аймактагы көлдүн жээгинде бактарга асылган үч бала менен бир аялдын сөөгүн табышкан.

Милиция аял үй-бүлөлүк жаңжалдан кийин балдарын алма бакка жоолук менен асып таштаганы, андан соң өзү да асынып өлгөнүн кабарлаган.

Аялдардын балдарынын улуусу 6 жашта, ортончусу 4 жашта, кичүүсү 8 айлык наристе болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>