Site icon Reporter.kg

Үй карантининде жаткан Чүйдүн 2 жаранынан кайрадан тест алынганда коронавирус аныкталды

Чүй облусундагы коронавирус жуктурган эки жаран Көк-Жар айылынын тургундары. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 12-мартта Дубайдан учуп келишкен. Дарыгерлер ал эки жаранды үй карантинине алган. 28-мартта экинчи ирет тест тапшырган учурда алардан коронавирустун белгилери аныкталган. Учурда эки жаран менен байланышта болгон үй- бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы карантинге алынды.

Кыргызстанда коронавирусту жуктурган жалпы 84 учур катталды.

Exit mobile version