Үйлөргө кирип, баалу буюмдарды уурдап жүргөндөр кармалды

Үйлөргө кирип, баалу буюмдарды уурдап жүргөндөр кармалды

Өлкөнүн бир катар аймактарында үйлөргө жана батирлерге кирип мүлктөрдү уурдап жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, уурулар Сокулук, Сузак жана Бишкектин Ленин, Октябрь райондорунун аймагындагы батир жана үйлөргө кирип,  мүлктөрдү уурдап кетишкен.

Кылмышкерлер үйлөргө көбүнчө терезе аркылуу кирип, акча каражаттарды, зер буюмдарды, телевизор, ноутбук, фотоаппарат, уюлдук телефон, кийим-кечек ж.б. баалуу буюмдарды уурдап жүрүшкөн.

Уруулук фактылар көп учурда Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда катталган. Жада калса өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурундагы дагы токтогон эмес.

Жалпысынан 30 уурулук фактыларга тиешеси бар делип эки адам  шектүү катары кармалган. Учурда башка да кылмышкерлерди кармоо иштери улантылып жатканы айтылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>