«Үкам сени алдабайм, кечинде акчаңды берем». Ошто «Ата-Журт» партиясы добуш сатып алуу менен алектенүүдө — видео

«Үкам сени алдабайм, кечинде акчаңды берем». Ошто «Ата-Журт» партиясы добуш сатып алуу менен алектенүүдө — видео

Ош шаарындагы №5305 шайлоо тилкесинде «Ата-Журт» партиясы добуш сатып алуу менен алектенген видео тарады.

Үгүт ишин жүргүзүп, акча таратып жаткан аял шайлоочуга №4 «Ата-Журт» партиясын шайлап чыга берүүсүн, кечинде акчасын бере турганын айтып жатканын көрүүгө болот.

«Үкам мен сени алдабайм, көп адамдарыбыз шайлап чыгышты, мен алардын акчасын дагы бере элекмин, кечинде бир жерден жолугабыз, акча алып келишет анан беребиз. Менин үстүмөн дагы караган шефтерим бар», — деп айтат.

Шайлоочу катары аялдан акча сураган жигит: «Мен кирип шайлайм, бирок ага чейин бере турган акчаңардын жарымын бергиле да», — деп сүйлөшүп, жашыруун камерага тартып алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>