Үлпөт көйнөгүн жоготкон келинге полиция издөө жарыялады

Үлпөт көйнөгүн жоготкон келинге полиция издөө жарыялады

АКШнын Аризонан штатынын Апачи-Жанкшен шаарынын полициясы расмий баракчасы аркылуу көчөдөн табылган үлпөт көйнөктүн кожойкесине издөө салууда.

Көйнөк салынган кагаз кутуча автоунаа токтотуучу аянтчалардын биринен табылган. Ал кутучада кожейкесинин сүрөтү да бар болгон. 

 “Биз көйнөк уурдалганбы, жоголгонбу же атайын таштап кеткенби билбейбиз. Бирок биз анын кожойкесин таап, ага өткөрүп бергибиз келет”, — деп жазылган инстаграм баракчадагы билдирүүдө.

Полиция ошондой эле 1-октябрга чейин көйнөктүн ээси алганы келбесе, таштандыга ыргытыларын жазышып, жарандарды бул “мистикалык сырды” чечүүгө көмөк көргөзүүгө чакырышкан.

Интернет айдыңында бул көйнөк тууралуу колдонуучулар ар кандай божомолдорду айтып, ал жерге кантип келип калганына таң калышууда.  Кээ бирлери келин үлпөт тойдон качып кеткен дешсе, кээ бирлери аны алдап кетти деген сыяктуу билдирүүлөрдү жазышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>