Бишкекте сунушталып жаткан жаңы Конституциянын долбооруна каршы болгондор нааразылык акциясы катары жөө жүрүшкө чыгышты.
АлгачТемир жол бекетине чогулган адамдар Ала-Тоо аянтына чейин жөө жүрүш уюштурушту.
Митингге жарандык активисттер, коомдук ишмерлер, айрым саясатчылар катышты.
Саат 12:00дө башталган нааразылык акциясы 13:30дар чамасында жыйынтыкталды.
Бул иш-чаранын аягында уюштуруучулардын бири Улан Үсөйүн «Репортерго» эгер алардын талаптары аткарылбаса жума сайын митингдерди өткөрүшө турганын кабарлады.