Үсөнбаев: Бүгүн каза болгон 36 жаштагы бейтап Бишкектен Сузакка барып, өлүктү көмүү зыйнатына катышкан

Үсөнбаев: Бүгүн каза болгон 36 жаштагы бейтап Бишкектен Сузакка барып, өлүктү көмүү зыйнатына катышкан

Бүгүн каза болгон 36 жаштагы эркек бейтап Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусунун Сузак районуна барып, өлүктү көмүү зыйнатына катышкан. Бул тууралуу штабдан маалымдашты.

«Ага чейин бейтап борбордогу базарлардын биринде жашылча-жемиш сатып иштеген. Оорунун белгилери пайда болгон учурда, медициналык мекемеге кайрылбастан, өзүнө — өзү дарылоо жүргүзгөн. Антибиотик дарыларды колдонгону белгилүү. Жалал-Абад облусуна келгенде абалы кескин түрдө начарлап кетип, ооруканага кайрылган. Кеч кайрылганына байланыштуу, эки тараптуу пневмония күчөп кетип, ИВЛ аппаратына кошулганы менен каза болуп калган», — деди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>