Үсөнбаев: COVID-19 илдетин жуктурган 15 жашка чейинкилер арасында өсүш байкалууда

Үсөнбаев: COVID-19 илдетин жуктурган 15 жашка чейинкилер арасында өсүш байкалууда

2020-жылдын 26-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 682 учур катталды. Бул тууралуу штабдан маалымдашты.

Стационарда – 304, алардын ичинен реанимацияда – 6. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми каза тапкандардын саны – 8.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин маалыматында, COVID-19 илдети менен ооругандардан 15 жашка чейинки мектеп окуучуларынын арасынан бир аз өсүш белгиленген. Алардын арасында оор учурлар жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>