Үсөнбаев: Коронавируска ишенбегендерди жугуштуу илдеттер ооруканасына экскурсияга чакырам

Үсөнбаев: Коронавируска ишенбегендерди жугуштуу илдеттер ооруканасына экскурсияга чакырам

Кыргызстанда үч ай аралыгында коронавирус менен жабыркаган 1 миң 594 учур катталды. Алардын ичинен 1 миң 66 жаран илдетти жеңип чыкты. Бирок, вирусту толук жеңдик деп айтууга эрте. Себеби, 2020-жылдын күз айында илдеттин экинчи толкуну болуусу күтүлүүдө.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Reporter.kg агенттигине COVID-19 илдетине байланыштуу жагдай, санитардык нормаларды толук сактаган жарандардан көз каранды экенин айтты.

Коронавирустун экинчи толкуну тууралуу

Экинчи толкун качан болорун күтүп отура бербей, алдын ала даярдануу керек. Жайы менен баарыбыз иммунитетти көтөрүп: спорт менен машыгып, жаман адаттарды калтырып, жашылча-жемиштен көп жешибиз керек. Биз өзүбүзгө, ата-энебизге жана балдарыбызга кам көрүшүбүз шарт.

Саламаттык сактоо министрлиги эпидемиялык абал курчуп кетпеши үчүн бардык күчүн жумшап жатат. Биз үч айдан бери вирустун жарандарга массалык тарап кетишинин алдын алып жатабыз. Максатыбыз – оорудан жабыркагандардын санын азайтуу. Чет жактан келгендерди биз эмне үчүн обсервацияга жаткырып жатабыз? Илдеттин массалык тароосун каалабаганыбыз үчүн. Жарандар бизге эпидемиялык шарттарды туура сактоо менен жардам бере алат. Биз дайыма аларга бет кап тагынып, башка адамдар менен ашыкча убакыт өткөрбөшүн, тойлорду уюштурбоону суранып жатабыз. Аталган шарттар канчалык сакталса, вирусту токтотуу ошончолук жеңил болот.

Эмнеси болсо да вирустун экинчи, үчүнчү, төртүнчү толкунуна даяр болушубуз керек. Алдын ала айтуу пайдасыз, жөн гана даярданыш керек.

Эмдөөлөр тууралуу

Сасык тумоодон эмдөө үчүн вакциналарды сатып алуу суроосун алдын ала коёбуз. Оору октябрь-ноябрь айларында башталат. Биз жарандарды бул убакка чейин эмдөөгө жетишишибиз керек. Пневмокок инфекциясына каршы эмдөө үчүн атайын компания жарыяланышы мүмкүн. Жарандарды эмдөөдөн өтүүгө мажбурлабайбыз, ойлонгон адамдар бул керек экенин билет.

Коронавируска ишенбегендерди инфекциялык ооруканага экскурсияга чакырмакмын.

Аларда дароо бардык суроолор жана шектер жоголот. Чын эле алар чындыкты көрбөй жатышабы? Отуруп алып эле өзүңө жаккан нерсени гана угуп, көрүүгө болбойт. Он миңдеген адамдар жөн эле өлүп жатат деп ойлоп жатышабы? Бул тамашабы? Албетте, баарына жана бардыгына каршы болжолдорду айта берсе болот. Бирок, мындай адамдар аз.

Нарын облусундагы вирустан жабыркагандар тууралуу

Нарында жашоочулар абалга кош көңүл мамиле кылып, бири-бири менен көп контакт болушкан. Эң башынан кемчилик кетирип алышкан, азыр көйгөйдү оперативдүү чечүүгө аракет кылып жатышат. Душманды тоготпой коюудан мурда, аны жакшы билүү зарыл. Жабыркагандардын көбөйүшү менен биз инфекцияны таанып жатабыз..

Белгилей кетсек, Республика боюнча учурда 16 адам илдеттен каза болду. Алар оорукандан, биз дарылап жатканыбызга карабай көз жумушту. Кээ бир учурда жарандар өз алдынча үйдөн дарыланып, акырында гана ооруканага келген учурлар болууда. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>