РСК Банктын эки кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 8-май күнкү брифинг учурунда билдирди.
“Алардын бири Бишкек шаарында байланыш аркылуу жуктуруп алган. Ал оордан айгып чыккан. Экинчиси Чаткал районундагы банктын филиалнын кызматкери ооруну жугузуп алып, учурда ооруканада”, — деди Үсөнбаев.
8-майга карата коронавирус жуктургандардын жалпы саны 906га жетти. алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 650 бейтап айыгып чыкты.