Үстүбүздөгү жылда эл аралык издөөдө жүргөн 588 өзбекстандык кармалды

Үстүбүздөгү жылда эл аралык издөөдө жүргөн 588 өзбекстандык кармалды

Быйылкы жылдын 11 айында Өзбекстанда эл аралык издөөдө жүргөн 588 жаран кармалды. Учурда дагы 50 өзбекстандыкты мекенине кайтаруу иштери жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу Өзбекстан президентинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация агенттиги билдирди.

Ошол эле маалда эл аралык издөөдөгү жарандардын жалпы саны белгисиз.

Буга чейин Өзбекстан Башкы прокуратурасына караштуу “Укук” гезити издөөгө алынган кишилердин көбү Орусия жана араб өлкөлөрүндө жашырынып жүргөнүн жазган.

Расмий маалыматтар боюнча 2015-2018-жылдары эл аралык издөөдөгү жарандарды Өзбекстанга кайтаруу үчүн бюджеттен 30 миллион сум каражат коротулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>