Быйылкы жылы Кыргызстандын ички карызы көбөйүүдө

Быйылкы жылы Кыргызстандын ички карызы көбөйүүдө

Кыргызстандын ички карызы үстүбүздөгү жылдын январь айынан баштап, 29-февралга чейин 227 млн 990 миң сомго же 2 млн 836 миң 455 долларга жогорулаган. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, 29-февралга карата республиканын ички карызы 52 млрд 56.1 млн сомду түзгөн. 31-январга салыштырмалуу өсүү 0.4 пайзды түзгөн.

Белгилей кетсек, ички карыздын өсүшүнүн себеби, узак мөөнөттү баалуу кагаздардын 830.18 млн сомго жогорулашы менен шарттуу болгон. Ошол эле учурда кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар боюнча карыздын көлөмү 602.2 млн сомго кыскарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>