Үстүбүздөгү жылдын 10 айында өрт кырсыгынан 36 адам каза болгон

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында өрт кырсыгынан 36 адам каза болгон

Өрт кырсыгы  өткөн жылга салыштырмалуу 23 пайызга азайган. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Адистердин айтымында, күз-кыш мезгилинде  өрттүн басымдуулугу  турак-жай секторунда катталат. Тилсиз жоонун биринчиден келип чыгуу себеби, өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан болууда.

Статистика:

2019-жылдын 10 ай ичинде республика боюнча 3 миң 270 өрт кырсыгы катталып (2018-ж. 4246) өткөн жылга салыштырмалуу өрттөр 23% азайган. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 651 миллион  сомдон ашык түздү (2018-жылы 785 млн. сомдон ашык), өрттөн 36 адам каза таап (2018-жылы 50 адам,), өрттөн 46 адам жабыркаган, анын ичинде (2018-жылы 45 адам).

Өрттөн 47 адамдын өмүрү (2018-ж. 63 адамдын өмүрү) жана 528 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган (2018-ж 891 млн. сом).

Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу -33,4%, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан -5,5%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда -32,5%, балдардын от менен ойноосунан -34,6%, өрт кырсыгы болду. Өрттүн жалпы санынан -15,9% турак жай секторунда болгон.

Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (989) жана 11 адам каза болгон, Бишкекте (703) жана 10 адам каза болгон, Жалал-Абад областында (398) жана 5 адам каза болгон, Ош облусунда (326) жана 2 адам каза болгон , Ысык-Көл областында (239) 2 адам каза болгон.

Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (1610) жана 108 млн. 926 мин 108 сомдук материалдык чыгымды түзгөн, ал эми өрттөн 32 адам каза тапкан.

Өрт чыккан учурда 101, 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>