Апрель айында Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн 3,7 млрд сом бөлүнөт

Апрель айында Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн  3,7 млрд сом бөлүнөт

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кыргызстандын тышкы карызын төлөөгө 3 млрд 741 млн 482,1 миң сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Апрель айында мамлекеттик карызды жабууга, февраль айына салыштырмалуу 1 млрд сом көбүрөөк жумшалат. Февралда 2 млрд 797,9 млн сом каражат тышкы карызды төлөөгө сарпталган.

Белгилей кетсек, 2020-жылы Кыргызстан мамлекеттик карызды жабууга 28,8 млрд сом бөлөөрү маалым болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>