Үстүбүздөгү жылда республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 млрд 945 млн сомду түзүүдө

Үстүбүздөгү жылда республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 млрд 945 млн сомду түзүүдө

2019-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 155 млрд 318 млн сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 25,9 пайызында каралат. Ушул жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу республикалык бюджеттин номиналдык маанидеги кирешелери 2,3 пайызга же 3 млрд 556 млн сомго көбөйөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Эмил Токтошевдин баяндамасында айтылды.

Токтошев өткөн 9 айындагы иш жүзүндө түшүүлөрдүн, жыл аягына чейинки кирешелердин түшүүлөрүн баалоонун негизинде жүргүзүлгөнүн белгиледи.

«Республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эске албастан 165 млрд 264 млн сом деңгээлинде белгиленген, бул 2019-жылдын бекитилген бюджетинен 3 млрд 350 млн сомго көп, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен – 137 млрд 490 млн сом, бул 2019-жылдын бекитилген бюджетинен 6 млрд 612 млн сомго көп. Атайын эсептин каражаттары – 13 млрд 303 млн сом, бул жылга бекитилген бюджеттен 3 млрд 930 млн сомго көп. Мамлекеттик инвестициялардын каражаттары – 14 млрд 470 млн сом», — деп маалымдады эл өкүлү.

Ал эми республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 млрд 945 млн сомду түзөт. Каржы тартыштыгын жабууга 9 млрд 945 млн сом көлөмүндө каржылоо булактары каралган: ички булактар боюнча 5 млрд 190 млн сом өлчөмүндө оң сальдо, тышкы булактар боюнча 4 млрд 755 млн сом өлчөмүндө оң сальдо.

Жыйында республикалык бюджеттин аткарылышы жана келерки жылдарга карата болжолу каралууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>