Өчпөс отту өчүргөн жигит кармалды

Өчпөс отту өчүргөн жигит кармалды

Бишкек шаарында Өчпөс отту өчүргөн адам милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Социалдык тармактарда Бишкек шаарынын борборунда Өчпөс отту өчүргөн адамдын видеосу тараган.  Анда белгисиз эки жигиттин бирөөсү «Өчпөс отту мен өчүрөм» деп, аны үйлөп өчүргөн.

Милициянын кайгуул кызматкерлери издөө иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 18 жаштагы жаш жигитти кармап, Свердлов райондук Тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Кармалган шектүү жаран кылган кылыгын моюнуна алып, атак-даңкка жетүү (хайп) үчүн жасаганын айтып, коомчулуктан кечирим сураган.

Учурда бул факты боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатканы айтылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>