Сотто өгөй атасы сабаган баланын кызыкчылыгын социалдык кызматкерлер коргойт

Сотто өгөй атасы сабаган баланын кызыкчылыгын социалдык кызматкерлер коргойт

Өгөй атасынан жабыркаган баланын кызыкчылыгын сотто социалдык кызматкерлер коргошот. Бул тууралуу парламентте эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлик кызматына талапкер, буга чейин министрдин орун басары болуп иштеп келген Ализа Солтонбекова билдирди.

Ал жабыркаган бала азыр Ат-Башыда чоң апасынын колунда экенин, ага социалдык медициналык жардамдар көргөзүлүп жатканын айтты.    

“Азыр ал бала чоң апасы менен Ат-Башыда. Медициналык, социалдык жардамдар көргөзүлүп жатат. Апасы жолдошун чыгарууну өтүнүп арыз жазып берген. Бирок мыйзамда жол берилбейт, кандай гана учур болбосун баары так көргөзүлгөн. Биздин министрликтин балдар менен иштеген адистери сотторго катышып, баланын укугун жактайт. Биз бул ишти аягына чейин көзөмөлгө алабыз”, — деди Солтонбекова.

Белгилей кетсек, буга чейин алты жаштагы өгөй баласын сабаган деп шек саналган жаран кармалып, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгени кабарланган. 

Кийин баланын апасы тосмо арыз жазып, күйөөсүн бошотууну суранганын анын жактоочусу билдирген. 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>