Өгөй баласын сабаган 33 жаштагы адам кармалды

Өгөй баласын сабаган 33 жаштагы адам кармалды

Чүйдө жашы жете элек өгөй баласын сабаган 33 жаштагы адам камалды. Бул тууралуу  Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда социалдыктармактардагы тайпалар аркылуу жашы жете элек баланы белгисиз бир адам сабап денесине залал келтирип жаткандыгы тууралуу видео тарадоо.

23-февралда Ысык-Ата РИИБине Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл өкмөтүнө караштуу “Энергетик” дачасынын К.Б. аттуу 26 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган.  Ал арызында жарандык жолдошу 33 жаштагы К.К.га чара көрүүнү суранган, анткени ал 22-февралда жашы жете элек 5 жаштагы К.Н. деген өгөй баласын сабап, денесине ар кандай жаракат келтирип видеого тартып “WhatsApp” мессенджери аркылуу телефонуна жибергендигин билдирген.

Аталган факты боюнча 75-берененин негизинде иш козголуп, тергөө иштери башталган. Шектүү катары К.К. кармалып, Ысык-Ата РИИБнун убактылуу кармоочу жайына камалган.

Ал эми 24-февралда даяр болгон соттук-медициналык корутундунун негизинде жашы жетэ элек Н.Кулмырзаевдин ден соолугуна  жаракат келтирилгени аныкталган.

Аталган факт боюнча 3-март күнү тергөө аяктап Ысык-Ата райондук прокуратурасына айыптоо корутундусун бекитүүгө жана андан ары Ысык-Ата райондук сотуна жиберилген. Бүгүнкү күндө жогорудагы факты менен соттук кароо жүрүп жатканы кабарланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>