Өгөй кызына бузуку аракеттерди жасоого айыпталган адамдын соту башталды

Өгөй кызына бузуку аракеттерди жасоого айыпталган адамдын соту башталды

Казакстандын Орол шаардык сотунда эрезеге жете элек кызга карата бузуку аракеттерди жасоого айыпталган 33 жаштагы жарандын соту башталды.

Биринчи соттук жараян 10-мартта жабык өттү. Алгач айыпталуучуга каршы «14 жашка чыга элек кызды зордуктоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголсо, тергөөнүн жүрүшүндө ал «Жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасоо» жана «Жашы жете элек кызга карата бузуку аракеттерди жасоо» беренелерине алмаштырылган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, айыпталуучу өткөн жылы сентябрда жетекчиси түнөп кеткен батирди жыйноо үчүн өгөй кызын чакырып, аны зордуктаган.

Кыздын апасы Самира Дусталиеванын айтымында, бул окуядан беш күн өткөндөн кийин кызы зордуктоо болгонун айткан.

— Биз дароо полицияга кайрылдык, бирок окуядан беш күн өтүп кеткендиктен, анализдери таза чыкты. Адамдын физиологиялык түзүлүшү ошондой экен, — деди Дусталиева.

Адвокат Мереке Габдуалиев айыпталуучу күнөөсүн толук мойнуна албаганын билдирип, иш жабык каралып жаткандыктан, башка маалымат берүүдөн баш тартты.

— Биз бир нече өтүнүч келтиргенбиз, сот аларды жарым-жартылай канааттандырды, — деди Габдуалиев.

Айыпталуучунун апасы Айсулу Аймагамбетова келини уулун кызганып, андан өч алуу үчүн атайын ушундай кадамдарга барып жатат деп эсептөөдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>