Өкмөт үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча бир жылдык план иштеп чыкты

Өкмөт үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча бир жылдык план иштеп чыкты

Кыргыз Өкмөтү тарабынан Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча кечиктирилгис иш чаралардын планы бекитилди. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Бул иш-чараларды аткаруучулары: Башкы прокуратура, Жогорку Сот, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Ички иштер министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар.

Бул милдеттерди ишке ашыруу чаралары 2020-жылдын ичинде аткарылууга тийиш.

– Үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо жана координациялык чараларды өркүндөтүү үчүн үй-бүлөлүк зомбулукка ыкчам жооп кайтаруу мыйзамдык чараларын киргизүү;

– Жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоого, үй-бүлөдө зомбулуксуз жана чыр-чатаксыз жүрүм-турумду жайылтууга багытталган үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо чөйрөсүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу;

– Үй-бүлөлүк зомбулук жагдайларын аныктоо;

– Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар үчүн жардам көрсөтүү, зордук көрсөткөндөр менен иштөө. Зомбулуктун алдын алууга, мамлекетитк кризистик борборлорду түзүүгө бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттин каражаттарын көбөйтүү каралууда;

– Бүлөдө зомбулук көрсөтүүнү алдын алуу комитеттерин түзүү аркылуу жергиликтүү институционалдык жана координациялоочу механизмдерди өнүктүрүү;

– Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү субъекттердин потенциалын жогорулатуу;

– Үй-бүлөлүк зомбулукка жооп кайтарууну жакшыртуу.

Аткарылган иштер тууралуу жооптуу тараптарга Өкмөттүн Аппаратына ай сайын маалымдап туруу тапшырылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>