Өкмөт: Өзбекстан менен Тажикстанга мыйзамсыз газ кирген жок

Өкмөт: Өзбекстан менен Тажикстанга мыйзамсыз газ кирген жок

Өзбекстан менен Тажикстанга мыйзамсыз мунай (газ) кирип жатат деп кооптонууга негиз жок. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖМКлар менен социалдык тармактарда тараган билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Учурда аталган Ак-Турпак аймагында мунай өндүрүлбөйт жана жумуш токтотулган.

Белгилей кетсек, “Союз мезгилинде Өзбек ССР тарабынан курулуп Өзбекстан казып алып, пайдаланып келген газ, мунай өндүрүүчү скважиналардын ээлеген жер аянттары Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагына караштуу жана жалпы ээлеген жер аянты 1400 гектарды түзөт.

“Мунайды Өзбекстанга таандык “Фергана Нефти” 1950-жылдан 2011-жылдын 21-майына чейин иштетип келген. 2011-жылы 18 скважина калган. Алардын ичинен 9 скважина бузук абалда, 9 даанасы оң абалда болуп 2011-жылдын 21-майынан бери токтоп турат”, — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>