Өкмөт: 118 кызматына чалуу 13 эсеге өстү

Өкмөт: 118 кызматына чалуу 13 эсеге өстү

Жуманын башында 118 кызматына күн сайын 40-50 тегерегинде чалуулар түшсө, учурда кайрылуулардын саны 13 эсе өстү. Мындай билдирүүнү өкмөт башчы Кубатбек Боронов республикалык штабдын жыйынында айтты.

Бороновдун маалыматына ылайык,  118 кызматына кошумча күчтөр тартылат. Ошондой эле ушул жумадан тарта 20 медициналык тез жардам бригадасы ишке киришет.

Өкмөт башчы тез жардамдын ишин бейтапты ооруканага жаткыруу чечими кабыл алынган соң, аны кайсы ооруканага алып барууну бригада так билгидей толук кайра уюштурууну тапшырды.

«Тез жардам бригадасы орун издеп шаардын ооруканаларын кыдырып жүрбөсүн. Адамдар тез жардам унаасы медициналык мекемеге келгенден кийин кезек күтүп калып жатканына даттанышууда. Алар кезексиз тейлениши керек», — деди премьер-министр.

Мындан тышкары медициналык жогорку окуу жайлардын медициналык факультети бар университеттердин жогорку курсунун студенттерин,  окуу жайдын мугалимдерин ишке тартуу боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө. Эгер алар ишке тартылса, тиешелүү компенсациялык төлөмдөр төлөнөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>