Өкмөт: абал оорлой берсе бейтаптар ЖОЖдордун жатаканаларына жаткырылат

Өкмөт: абал оорлой берсе бейтаптар ЖОЖдордун жатаканаларына жаткырылат

Коронавируска чалдыккандардын саны кескин жогорулай берсе жогорку окуу жайлардын жатаканалары бейтаптарды жаткыруу үчүн колдонулат.Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда бир катар окуу жайлардын жатаканасында орундар даярдалган.

Бүгүнкүдөй абал улана турган болсо, ЖОЖдордун жатаканалары бейтаптарды кабыл ала баштайт. Медицина академиясынын жатаканасында 351 орундук, Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейдин жатаканасында 150 орун, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жатаканасында дагы орундуктар даярдалды”, — дейт ал.

Ошондой эле өкмөт башчы «Ганси» авиабазасынын аймагында 600 орундук даярдалганын кошумчалды.

2-июль күнү 526 адамдын анализинен коронавирус табылды. 18-марттан бери Бул ооруга чалдыккандардын жалпы саны 6 миң 261ге жетти. Алардын ичинен 2530 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 66 адам каза болду.

Мындан башка, март айынан 2-июлга чейин коронавируска анализи таза чыгып, бирок өпкөсүнөн кагынып невмониядан каза тапкан бейтаптардын саны 97ге жетти.

Рубрики: КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>