Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө багытталган 7 долбоорду жактырды

Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө багытталган 7 долбоорду жактырды

Аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттар бизнести колдоого багытталышы керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров өкмөттүн кезектеги жыйынында айтты.

Жыйында инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфраструктуралык долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларды тандоо боюнча сынактык комиссиянын иши талкууланды.

 «Албетте, биз ишкерликтин бардык түрүн, анын ичинде ири бизнеске жардам көрсөтүүгө даярбыз. Бирок бул каражаттар айылды же районду өнүктүрө турган чакан жана орто бизнести түзүүгө же өнүктүрүүгө арналган. Муну менен биз көптөн бери ишкерликти баштай албай жүргөндөргө жардам беребиз. Бул кооз бизнес-пландар эмес, ар бир аймактын өзгөчө артыкчылыктарын кластердик өнүктүрүү принциптерине шайкеш келген долбоорлор болууга тийиш», — деди Аскаров.

Бүгүн Сынак комиссиясынын кароосуна Ысык-Көл, Нарын облустарынан жана Ош шаарынан 18 бизнес-долбоор сунушталган.

Талкуулардын жыйынтыгы боюнча 7 долбоор жактырылды. Жакынкы убактарда, Финансы министрлиги документтерди изилдеп чыккан соң алар боюнча каржылоо башталат. Тандоо критерийлерине дал келбестигине байланыштуу дагы 7 долбоор толуктап иштеп чыгууга жөнөтүлдү.

Сынак комиссиясынын кийинки жыйыны келерки жумада өтөт. Комиссиянын мүчөлөрү өлкөнүн бардык облустарында 100 жакын долбоорду карап чыгууга ниеттенүүдө, анын ичинде бүгүнкү күнү толуктап иштеп чыгууга жөнөтүлгөн долбоорлор бар.

Кыргыз Өкмөтү тарабынан бизнести колдоо аркылуу аймактарды өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлүнгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>