Өкмөт аппаратынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын Баткендеги жабыркагандарга которот

Өкмөт аппаратынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын Баткендеги жабыркагандарга которот

Кыргыз Өкмөтүнүн аппараты бир күндүк эмгек акыларын кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган Баткен облусунун тургундарына жардам катары беришет. Бул тууралуу Өкмөттүн сайтында маалымдалат.

«Жергиликтүү калкка олуттуу материалдык зыян гана келтирбестен, адамдардын өлүмүнө алып келген окуялар болду. Буга байланыштуу Өкмөттүн аппаратындагы кызматкерлердин бир күндүк эмгек акыларын которуу чечими кабыл алынды», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, борбордук мэриянын кызматкерлери дагы бир күндүк эмгек акыларын которушат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>