Өкмөт: “Апрельское” кенинин айланасында тартип бузууларга жол берилбейт

Өкмөт: “Апрельское” кенинин айланасында тартип бузууларга жол берилбейт

“Апрельское” алтын кенин иштетүүгө каршы өткөн акция тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү үн катты.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун аймагында кен байлыктарды иштетүүдө, эл аралык нормаларга ылайык, калктын саламаттыгы, аймактын экологиясы мыйзам  чегинде, белгиленген тартипте сакталууга тийиш.

Ошол эле учурда аймакта, тартип бузууларга жол берилбейт, коомдук саясий абал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экени айтылат.

Эскерте кетсек, кечээ 14-апрелде, Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын тургундары президент Садыр Жапаровко видео кайрылуу жасашкан. Жыйында айылдык кеңештин төрагасы Сапарали Бөрүбаев элдин атынан сөз сүйлөгөн.

Билдирүүгө таянсак, 2012-жылы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан Лейлек районунун Катраң айыл аймагында жайгашкан “Апрельское” алтын кенин  иштетүүгө,  Россиялык “Апрельское Эй Зет Ай” жоопкерчилиги чектелген коомуна лицензия берилип, бул кенди  чалгындоо аракеттери көрүлгөн. Лицензиянын мөөнөтү 2022-жылы аяктайт. Азыркы учурда аймакта кенди изилдөө, чалгындоо жумуштары гана жүрүп, жол салуу иштери жүрүүдө. Кен казуу жумуштары жүрө элек.

Бирок  2012-жылы Катраң айыл аймагынын тургундары кенди иштетүүгө каршы чыгышып, кенди чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан  “Алаурум” ЖАКнун мүлктөрүн талкалап, имараттарын өрттөп, инвесторлор менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр-чатак чыккан”, — деп айтылат маалыматта.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, кенди иштетүү да убактылуу кийинкиге жылдырылган.

Бул окуядан соң “Апрельское Эй Зет Ай” ЖЧК арызынын негизинде, Катран айылынын тургуну Сапарали Бөрүбаевге 2012-жылы Баткен облустук милициясы тарабынан 174-берене (Бирөөнүн мүлкүн өрттөө аркылуу зыянга учуратуу), 234-берене ( Бейбаштык), 353-берен (Өзүм билемдик) жана 167-берене (Тоноочулук) менен кылмыш иши козголгону айтылат.

2020-жылы 11-августта Сапарали Бөрүбаев, жабырлануучу тарап С.Юрченкодон кечирим сурап, алар  өз ара элдешип, кылмыш иши 26-берененин 1-бөлүмүнүн 12,13-пунктунун негизинде өндүрүштөн кыскартылган.

“Апрельское Эй Зет Ай” ЖЧКсы тарабынан лицензия үчүн салык төлөмү Катраң айыл өкмөтүнө төлөнүп келген жана анын суммасы бүгүнкү күнгө карата 21 миллион сомду түзөрү кабарланат.

“Апрельское Эй Зет Ай” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү, окуя боюнча облустук жетекчиликке кайрыла электиги жана орун алган бардык окуялар мыйзам чегинде гана чечилүүгө тийиштиги эскертилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>