Өкмөт азык-түлүк продуктусунун 11 түрүнө бааны көтөрүүгө чектөө киргизди

Өкмөт азык-түлүк продуктусунун 11 түрүнө бааны көтөрүүгө чектөө киргизди

Премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев азык-түлүк баасын тескөө боюнча буйрук чыгарды. Бул тууралуу өкмөт башчы 16-мартта уюштурган брифингде билдирди.

Өкмөттүн чечими менен азык-түлүк продуктусунун 11 түрүнө бааны көтөрүүгө чектөө киргизилүүдө, алар – ун, кант,  өсүмдүк майы жана башкалар.

«Бүгүнтөн баштап Монополияны жөнгө салуу боюнча агенттик ун менен нандын баасын аныктоо боюнча ишти бүткөрөт. Чектөө киргизебиз. Ошол койгон чектен ашырып саттырбоо боюнча…. Ал кызмат ун жана нандын баасы аймактарда канча, Бишкекте канча болуш керек — аныктап чыгат», — деди премьер-министр.

Дүйнөдө тарап жаткан коронавируска байланыштуу акыркы эки күндө Кыргызстандын базарларында азык-түлүк сатып алууну каалагандар көбөйгөн. Буга байланыштуу ун, шекер сыяктуу азык-түлүк кымбаттаганы байкалган. Кыргыз өкмөтү коронавирус илдетине байланышкан кырдаалды пайдаланып, кызыл кулактык кылып жаткандар жазага тартыларын эскерткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>