Site icon Reporter.kg

Өкмөт азык-түлүктүн баасын көзөмөлгө алат

Өкмөт айрым азык-түлүк түрлөрүнө болгон бааларга көзөмөл киргизүү тууралуу токтом даярдап жатат. Бул тууралуу 17-ноябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков президенттин милдетин аткарып жаткан парламент төрагасы Талант Мамытов менен жолукканда билдирди.

Новиков бүгүнкү күндө керектүү көлөмдөгү азык-түлүк запасын калыптандыруу үчүн импорттоочулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.

«Азык-түлүктүн беш түрү боюнча запас ашыгы менен бар. Баалардын жогорулашына жол бербөө максатында ири сатуучулар менен социалдык мааниге ээ товарларды жеткиликтүү кылуунун жолдору иштелип чыгууда», — деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Новиков ошондой эле өкмөттүн социалдык маанидеги товарларды сыртка чыгарууга тыюу салуу пландары бар экенин кошумчалады.

Кыргызстанда октябрь айында 2019-жылдын декабрына салыштырмалуу азык-түлүк 8,9% кымбаттаган.

Exit mobile version