Өкмөт башчы: Үй-бүлөдөгү зомбулук ички маселе катары калбашы керек

Өкмөт башчы: Үй-бүлөдөгү зомбулук ички маселе катары калбашы керек

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Адам укуктарынын Эл аралык күнүнө карата 10-декабрга чейин өтө турган «зордук-зомбулуксуз 16 күн» акциясын колдойт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы  үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук өлкөдөгү жана дүйнө жүзүндөгү актуалдуу маселелерден экенин белгиледи.

«Аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулукту коомчулук жөн гана карап турбашы керек. Физикалык, психологиялык, сексуалдык мүнөздөгү, кыскасы, кандай гана үстөмдүк болбосун, тийиштүү органдардын, коомчулуктун, мамлекеттин көңүл сыртында болбош керек. Биз муну ар дайым эсибизден чыгарбай, балдардын бактылуу балалык өткөрүү укугун коргоп жана камсыз кылууга тийишпиз. Бул өңүттөн алганда жалпы коомдун ролу өзгөчө маанилүү. Үй-бүлөлүк зомбулук бир үй-бүлөнүн жеке маселеси катары каралбашы керек, мындай фактыларды унчукпай коюуга же укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү жоопсуз калтырууга болбойт», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>