Өкмөт башчы: Үстүбүздөгү жылдын 6 айында 394 млн. доллар инвестиция тартылды

Өкмөт башчы: Үстүбүздөгү жылдын 6 айында 394 млн. доллар инвестиция тартылды

Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңеште 2019-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жана келерки жылга болжолу каралууда. Жыйында Мухаммедкалый Абылгазиев быйыл алты айдын ичинде 394 млн. доллар инвестиция тартылганын билдирди.

Өкмөт башчынын маалыматына ылайык, бул өткөн жылдын ушул убактысына караганда дээрлик 60 пайызга көп. Ушул жылдын тогуз айында негизги капиталга 90 млрд. сом инвестиция тартылган. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 6,3 пайызга көп болду. Бюджеттин киреше бөлүгү 155,3 млрд сомдун тегерегинде болжолдонууда. Чыгашалар 165,3 млрд сомдун тегерегинде.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>