Өкмөт башчы: Өлкө аймагындагы бардык май куючу жайлар автоматташтырылган эсепке киргизилет

Өкмөт башчы: Өлкө аймагындагы бардык май куючу жайлар автоматташтырылган эсепке киргизилет

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңеште 2019-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жана 2022-жылга чейинки бюджеттин болжолун талкууланып жатат.

Баяндаманы депутат Эмил Токтошев жасады. Депутаттардын сунушу менен 2018-жылкы бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат да дароо берилди.

Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берүү үчүн чакырылган.

Өкмөт башчы социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу үчүн бир катар иштер жүргөнүн билдирди.

«2020-жылы көмүскө экономика азаят. Учурда 20 пайыз экономика көмүскөдө деген маалыматтар айтылууда. Салыктар убагында чогултулат. Өлкө аймагында 975 май куюучу жай бар. Алардын бардыгын бир базага чогултуп, кайсы май, кандай сапатта жана канча өлчөмдө куюлуп жатканын автоматташтырып бир системге киргизилет. Бул иштер аркылуу аткезчилик менен күйүүчү майды ташууга бөгөт коёт. Мындан тышкары бажыдагы коррупциялык иштерди жоюнун бир гана жолу санарип формага алып келүү. Бул тууралуу өлкө башчы дагы өз пикирин айткан», — деди Абылгазиев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>