Өкмөт башчы Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитти

Өкмөт башчы Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитти

Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды бирдиктүү баалоо максатында кабыл алынды.

«Ушул өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартиби Кыргыз Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, жеке менчик түрүнө карабастан уюмдар жана ишканалар үчүн өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды бирдиктүү баалоо ченемдерин белгилейт.

Бул документти кабыл алуунун максаты өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоодо кызыкдар тараптардын көп жактуу катышуусуна жана аракеттешүүсүнө негизделген усулдук жардам көрсөтүү болуп саналат», — деп жазылат өкмөттүн басма сөг кызматы берген маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>