Өкмөт башчы: Айдоочулук күбөлүктүн бланкаларынын баасы 90%га чейин кыскарды

Өкмөт башчы: Айдоочулук күбөлүктүн бланкаларынын баасы 90%га чейин кыскарды

Улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн жаңы бланкалары, ошондой эле транспорт каражаттары тууралуу документ өлкө жарандарына жеткиликтүү болот. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы үлгүдөгү бланкаларды киргизүү боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.

Өкмөт башчы мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланкаларды – жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү  даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жарыяланган тендердин жыйынтыгы боюнча «Госзнак» ЖЧКсы жеңүүчүлөрдүн бири болгонун белгиледи.

«Мамлекеттик документтер чет өлкөдө эмес,  өлкө ичинде даярдалышы керек. Жергиликтүү компания утуп алганы кубандырат. Бул мамлекеттик бюджетке салыктан түшүүчү төлөмдүн көбөйүп жатканын билдирет. Эң маанилүүсү, документ жарандар үчүн жеткиликтүү болуп калды, анан да жаңы айдоочулук күбөлүк бир топ арзандады», – деди премьер-министр.

Абылгазиев айдоочулук күбөлүктүн бланкаларынын баасы 90% чейин кыскарганын белгиледи. Бул өз кезегинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын төмөндөшүнө алып келет. Жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү киргизүүнүн максаты алардын баасын төмөндөтүү гана эмес, коопсуздукту камсыздоонун алдынкы технологияларын колдонуу менен заманбап корголгон документти түзүү болуп саналат. Жаңы үлгүлөрдө 20дан ашуун коргоочу элемент бар. Бул аларды эч ким жасай албай турганын айтып турат. Атайын сканерлерде жасалма экендигин же жоктугун көрүүгө болот.

Маалымдама: Мурда улуттук үлгүдөгү күбөлүктүн бланктары курс боюнча 925 сом (12 евро) турчу, азыр алардын баасы 100 мом 86 тыйын. Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын баасы 577 сомдон (7,5 евро) 52 сомго чейин арзандады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>