Өкмөт башчы Баткенге өзгөчө статус берилиши мүмкүн экенин айтты

Өкмөт башчы Баткенге өзгөчө статус берилиши мүмкүн экенин айтты

Премьер-министр Улукбек Марипов Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги акыркы окуялардын жүрүшүндө жараат алган жана жабыркаган жарандардын абалынан кабар алды. Учурда алар Бишкектеги травматология жана ортопедия илим–изилдөө борборунда (БТОИИБ) дарыланууда жатат.

Премьер-министр Баткен облусундагы чек ара жаңжалынын натыйжасында ар кандай оордуктагы жаракат алып жабыркаган жарандар менен маектешип, Кыргыз Өкмөтү тарабынан чек ара маселесин чечүү жана конфликтти басаңдатуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

«Өлкө жетекчилиги жабыркагандарга бардык тийиштүү көмөк көрсөтүп, жолдорду, мектептерди, жарандардын талкаланган үйлөрүн калыбына келтирет. Өкмөт Баткенге өзгөчө статус ыйгаруу маселесин кароодо. Учурда эң негизгиси – чыр-чатакты ырбатпастан, биримдик жана тилектештикти сактоо үчүн бардык күч-аракетти жумшообуз керек. Кыргыз элинин эрки ар дайым күчтүү болгон, ынтымак жана биримдик аркылуу кырдаалдан биргеликте татыктуу өтүп кете алабыз», — деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр маектешүүдө жабыркаган жарандарга тез арада ден-соолуктары калыбына келүүсүн каалап, ал эми медициналык кызматкерлерден аларга карай аяр мамиле кылуусун өтүндү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>