Өкмөт башчы: Быйыл экономикалык жактан туруктуу өнүгүүнүн жылы болушу керек

Өкмөт башчы: Быйыл экономикалык жактан туруктуу өнүгүүнүн жылы болушу керек

Жаңырган 2020-жыл мамлекеттик органдары үчүн экономикалык жетишкендиктердин жана туруктуу өнүгүүнүн жылы болушу керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өткөн кеңешмеде билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө 2019-жыл үчүн мамлекеттик органдардын ишинин экономика, финансы, эл аралык мамилелер, социалдык жана маданий чөйрөлөрдөгү негизги жыйынтыктары чыгарылды.

Өкмөт башчы белгилегендей, өткөн жыл жеңил эмес жана өтө маанилүү жыл болду.

«Биз белгилүү бир жетишкендиктерге ээ болдук, иште кемчилдиктер да орун алды. 2019-жыл туруктуулуктун жана коомду бекемдөөнүн жылы болду. Биз үчүн башкы артыкчылык — жарандардын жашоосун жакшыртуу, бюджетти көбөйтүү, ошондой эле социалдык маселелерди өз убагында чечүү. Бул багытта белгилүү бир кадамдар кабыл алынып, негиздүү өзгөртүүлөр башталды», — деп айтты Абылгазиев.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылы жетишилген бир катар көрсөткүчтөргө токтолду.

«2017-жылга салыштырмалуу ИДП 110 млрд сомго көбөйүп, импорттун көлөмү 8,2% кыскарып, экспорт 7,6% өскөн. 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча республикага келген инвестициялардын көлөмү 580 млн АКШ долларын түзгөн. 2018-жылга салыштырмалуу өсүш 67,3% түзгөн. Бизнес-акыйкатчы институту түзүлдү. 2019-жылы республикага 8,5 млн чет элдик жаран келген, бул 2018-жылга караганда 1,5 млн көп», — деп билдирди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>