Өкмөт башчы: Экономикалык кырдаал оор, бюджетке 28 млрд сом түшпөй калышы мүмкүн

Өкмөт башчы: Экономикалык кырдаал оор, бюджетке 28 млрд сом түшпөй калышы мүмкүн

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын таралышына байланыштуу мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу боюнча кеңешме өткөрдү. 

Өкмөт башчынын айтымында, Кыргызстанда негизги соода-экономикалык өнөктөштөрү болуп саналаган өлкөлөрдө, Россия менен Казакстандын экономикасы туш болгон кыйынчылыктар ата мекендик экономикага таасир этпей койбойт.

«Учурда кризиске каршы ыкчам чаралар менен катар эле экономиканы калыбына келтирүү боюнча иш аракеттердин системалуу планы жана дем берүүчү программалар иштелип чыгууда. Биз бизнести колдоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү максималдуу түрдө пайдаланабыз. Тилекке каршы, бизде башка өлкөлөр сыяктуу финансылык жактан колдоо боюнча мүмкүнчүлүктөрбүз жок. Бирок биз тараптан өзгөчө абал алынгандан кийин бизнеске, жеке ишкерлерге жана жарандарга каржылык жана салыктык жеңилдиктер аркылуу максималдуу түрдө жардам берилет», — деди  Абылгазиев.

Ал учурда өлкөнүн экономикасы оор кырдаалда турганын белгилеп өттү.

«2020-жылдын экинчи жарым жылдыгында экономикалык кырдаал турукташкан шартта дагы өлкө бюджетине аз дегенде 28 млрд сом түшпөй калышы мүмкүн. Бүгүнкү күнү бүт дүйнө кошумча каржылоону издеп жатат. Кыргызстандын президентинин Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин 2020-жылы АКШ бюджетти колдоого 120 млн АКШ долларын бөлүү чечимин кабыл алды. Ата мекендик экономиканы калыбына келтирүү жана кризисти жеңүү программаларын даярдоо боюнча башка өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — деди премьер-министр.

Өкмөт башчы эске салгандай, Кытай коронавирус эпидемиясы аяктагандыгын жана өлкөдө карантиндик иш-чаралар кыскаргандыгын расмий жарыялады. 

«Бул жакынкы мезгилдерде товарларды ташуу үчүн чек араны ача алабыз деп эсептөөгө шарт түзөт. Албетте, бардык санитардык жана карантиндик иш-чараларды сактоо менен. Ар бир кризистин башталышы жана аягы бар. Баарыбыз биргеликте бул кыйынчылыктарды өтөбүз жана экономикабызды калыбына келтиребиз деп ишенем», — деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>