Өкмөт башчы иш сапар менен өлкөнүн түштүгүнө барат

Өкмөт башчы иш сапар менен өлкөнүн түштүгүнө барат

Премьер-министр Улукбек Марипов иш сапары менен Кыргызстандын түштүгүн кыдырат. Бул тууралуу ал өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жазды.

Сапардын алкагында өкмөт башчы Жалал-Абад жана Ош облустарына барат.

“Сапардын жүрүшүндө бир катар социалдык объектилерге капсула салуу салтанаттарына катышып, айыл чарба объектилеринин иши менен таанышып, Ош облусунун Араван районунун дыйкандары менен жолугушам.

Мындан тышкары, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы бир нече социалдык, инфраструктуралык объектилердин абалы жана айрым өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышам”, – деп жазган ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>