Өкмөт башчы Марипов Өзбекстанга эки күндүк жумушчу сапары менен барды

Өкмөт башчы Марипов Өзбекстанга эки күндүк жумушчу сапары менен барды

Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов Өзбекстанга эки күндүк жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жумушчу сапардын алкагында Марипов эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышат.

Мындан тышкары, Улукбек Марипов Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушат, ошондой эле Ташкент шаарында жайгашкан бир катар өнөр жай жана инновациялык ишканалардын иши менен таанышат.

Кыргыз делегациясынын курамына бир катар мекемелердин жетекчилери кирди.

Бул күндөрү Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү да өтүүдө. Ага Кыргызстандан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка жооптуу кызматкерлер катышууда.

Өзбекстан менен 2017-жылдагы макулдашуунун негизинде ортодогу чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), ал эми андан кийин дагы 10% жакыны такталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>