Өкмөт башчы: Медкызматкерлердин айлык акысы көбөйтүлөт

Өкмөт башчы: Медкызматкерлердин айлык акысы көбөйтүлөт

Премьер-министр Улукбек Марипов Жалал-Абад шаарындагы психологиялык-неврологиялык жатак үйүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

«Мамлекеттин кароосундагы балдарга көрсөтүп жаткан камкордугуңуздар жана сүйүүңүздөр үчүн ыраазыбыз. Сиздер үйдөгү түйшүгүңүздөргө жана анча көп эмес маянага карабастан ишиңиздерди улантып келесиздер. Бул өтө жакшы иш, сиздер мына ушул өзгөчө балдардын ата-энесинин ордун толуктап жатасыздар. Биз жакынкы мезгилде дарыгерлердин айлык акысын жогорулатууну пландаштырып жатканыбызды белгилеп кетким келет. Бул категорияга сиздердин ар бириңиздер туш келесиздер. Педагог жана социалдык кызматкер статусуна ээ болгондордун бардыгынын эмгек акысы да көбөйтүлөт. Бирок учурда биз үчүн эң маанилүүсү кам көрүүгө муктаж балдардын саламаттыгы», — деди Өкмөт башчы.

Өкмөттүн атынан балдардын психологиялык-неврологиялык жатак үйүнө балдарга кам көрүү каражаттарын сатып алууга 100 мин сомдук сертификат берилди.

Андан соң Улукбек Марипов Жалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун абалы менен таанышты, мында бир жарым миңден ашуун шаардыктар тейленет. Жалал-Абад шаарынын ҮМБ имараты жүз жыл мурда салынган жана авариялык деп таанылган. Бирок 2016-жылдан бери жаңы курулуш объекттеринин титулдук тизмесине киргизилбей келет.

Премьер-министр учурда иштеп жаткан поликлиниканын аймагында жаңы имаратты куруу маселесин изилдеп чыгууну, ошондой эле шаардыктар үчүн ыңгайлуу башка жерге салуу мүмкүндүгүн кароону тапшырды.

Мындан тышкары Өкмөт башчы Жалал-Абад шаарындагы жападан жалгыз калкты тейлөөчү борборго барды, ал турак үйүнүн биринчи кабатында жайгашкан. Калктын агымынын көптүгүнө байланыштуу кезектер түзүлүп, шаар тургундарынын нааразычылыгын жаратууда. Объекттин абалы менен таанышкан соң Премьер-министр мурда завод жайгашкан Жалал-Абад мэриясы тарабынан сунушталып жаткан имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн эсептөөлөрдү жүргүзүүнү милдеттендирди.

Андан соң Улукбек Марипов Жалал-Абад шаарындагы авариялык абалда турган М.Бабкин атындагы мектеп-гимназия тууралуу маалымат алды. Премьер-министр бул окуу жайдын аймагында жаңы корпус куруу үчүн кошумча каражаттарды издөөнү карап чыгуу тапшырмасын берди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>