Өкмөт башчы: Орусия студенттерди киргизүү боюнча алгоритмдерди иштеп жатат

Өкмөт башчы: Орусия студенттерди киргизүү боюнча алгоритмдерди иштеп жатат

Авиа каттамдар этап-этап менен калыбына келтирилип жатат. Орусия менен сентябрь ичинде 20 рейс аткарылды. 21-августта 32 өлкөгө Кыргызстан эшигин ачты. Мындай маалыматты бүгүн, 8-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда бир катар жарандар Орусияга кирүүгө уруксат берилди:
— Орусиянын жарандыгы барлар,
— Орусияда жакын туугандары барларга (баласына, жубайына, ата-энесине барып келүүгө),
— медициналык жардамга муктаждарга,
— жакын туугандары каза болсо,
— бейтапты караган адамдарга,
— спортчуларга ж.б.

«Калган жарандарга кирүүгө уруксат жок, бирок, буюрса, бул чектөөлөр да жакында алынат. Ал эми студенттерге Орусияга кетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Орусия студенттерди киргизүү боюнча алгоритмдерди иштеп жатат, ага ылайык студенттер изоляциялык нормаларды сактоого милдеттүү болушат», — деп айтты өкмөт башчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>