Өкмөт башчы Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгүн алып келүүнү тапшырды

Өкмөт башчы Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгүн алып келүүнү тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын Оренбург облусунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. Юуд тууралуу өкмөттүн маалымат кызмтанынан кабарлашты.

Жол кырсыгынын кесепетинен Кыргызстандын 4 жараны каза болуп, 3 жараны жаракат алды. Учурда жаракат алгандар ооруканада.

Өкмөт башчы Тышкы иштер министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана тиешелүү кызматтарга кырсыктан каза болгондорду Кыргызстанга алып келүүгө көмөктөшүү зарыл экенин айтты. Ошондой эле жаракат алган жарандарга зарыл болгон медициналык жардамды берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>