Өкмөт башчы: Шайлоону COVID-19 пандемиясы учурунда өткөрүүдө саясий партиялардын жоопкерчилиги жогору

Өкмөт башчы: Шайлоону COVID-19 пандемиясы учурунда өткөрүүдө саясий партиялардын жоопкерчилиги жогору

Шайлоону COVID-19 пандемиясы учурунда өткөрүүдө саясий партиялардын жоопкерчилиги жогору. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди. 

Ал учурда парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялардын съездди өтүп жатканын белгиледи.

«Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал турукташып калды, бирок айрым райондордо абал дагы эле курч. Бул шартта бардык тарап, анын ичинде  жагдайды мындан ары да жакшыртуу маселесинде саясий партиялар жоопкерчиликтүү болууга тийиш. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан эл менен жолугушууларды өткөрүү үчүн белгилүү бир талаптар иштелип чыгууда. Баарынан биринчи залда адамдар уруксат берилген санда гана болуш керек. Имараттарда санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталып, байма-бай желдетилип туруш керек», — деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр мекендештерге санитардык эрежелерди сактоо өтүнүчү менен кайрылды. 

«Коомчулук эпидемиологиялык абалды турукташтырууга жардам берүүсү зарыл. Өкмөт шайлоо процессинин ачык, таза жана калыс өтүшүн камсыз кылат. Биздин өлкөдө күз айларында тойлор жана мааракелер көп өткөрүлөт, бирок мекендештерди мындай иш-чараларды токтотууга жана Өкмөттүн позициясын жана бекитилген талаптарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырам. Ден соолуктан башка баалуу эч нерсе жок, өзүңөрдү жана жакындарыңарды сактагыла!», — деди өкмөт башчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>