Өкмөт башчы Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат

Өкмөт башчы Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат

Премьер-министр Кубатбек Боронов 21-22-августта Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы Ысык-Көл облусуна жасаган сапарынын алкагында социалдык объектилердин абалы, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу жайларын куруу иштери, «Таза суу» долбоорунун жүзөгө ашырылышы, күзгү оруп-жыюу жумуштарынын жүрүшү менен таанышат. 

Мындан тышкары Кубатбек Боронов Кара-Кол шаарындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу жана Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл райондук ооруканасынын жугушту оорулар бөлүмүнүн имаратын ондоп-түздөө иштери менен таанышат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>