Өкмөт башчы: Жөлөк пул, пенсия жана айлык акы өз убагында толук төлөнөт

Өкмөт башчы: Жөлөк пул, пенсия жана айлык акы өз убагында толук төлөнөт

«2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомдун долбоору жактырылды. Тиешелүү чечим Өкмөттүн  кезектеги жыйынында кабыл алынды.

«Коронавирус инфекциясынын пандемиясынын өлкөнүн экономикасына таасири бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү талап кылды. Ал бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнү жана чыгымдардын артыкчылыктуу эмес беренелерин оптималдаштырууну эске алуу менен түзүлгөн. Жыйынтыгында министрликтердин жана ведомстволордун, анын ичинде Президенттин жана Өкмөттүн Аппараттарынын чыгымдарын жалпысынан 10,6 млрд сомго кыскартуу чечими кабыл алынды. Бул республикалык бюджеттин учурда болгон каражаттарын сарамжалдуу пайдаланууга шарт түзөт», — деп премьер-министр.

Бөлүнгөн 3,5 млрд сомдун 640 млн сому укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кошумча каржылоого, 411 млн сом азык-түлүк коопсуздугуна жана 868 млн сом коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө багытталды.

Мындан тышкары cаламаттык сактоо тармагын, анын ичинде мамлекеттик инвестициялык программаны каржылоо 4,3 млрд сомго көбөйдү.

«Чыгымдардын кыскарышы бюджеттин корголгон беренелерин 110 млрд сом өлчөмүндө төлөөгө таасир тийгизбейт. Бардык социалдык милдеттенмелер: айлык акы, пенсия, жөлөкпул өз учурунда жана толук көлөмдө каржыланарын өзгөчө баса белгилегим келет», — деди  Абылгазиев.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева 2020-жылга карата республикалык бюджетти 132 883,3 млн сом суммасында кирешелер боюнча мамлекеттик инвестициялардын гранттарын жана 170 607,6 млн сом суммасында чыгымдарды эске алуу менен финансылык активдерди эсепке албай бекитүү сунушталып жатканын айтты. 2020-жылга карата республикалык боюджеттин дефицити 37 724,3 млн сомду түзүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>