Өкмөт башчы: Жакынкы күндөрү бала бакчаларды ачуу маселеси каралып жатат

Өкмөт башчы: Жакынкы күндөрү бала бакчаларды ачуу маселеси каралып жатат

Республикалык штабда бала бакчаларды санитардык талаптарды сактоо менен ачуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Өкмөт башчынын айтуусунда, коронавирус инфекциясынын жайылуусу күчөгөн убакытта бардык бала бакчалар жабылган, азыркы учурда жеке менчик бала бакчалар санэпидемкөзөмөлдөө борборлордун макулдугу менен иштеп жатышат. Мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалар ар бир райондо/шаарда атайын түзүлгөн комиссия тарабынан текшерилип, бала бакчалардын ачылышы жөнүндө жакынкы күндөрдө тиешелүү чечим кабыл алынат.

Анын айтымында, ал үчүн атайын колдонмолор жана бала бакчалар үчүн иш-аракеттер алгоритми бекитилген. Бала бакчалардын имараттарынын дезинфекциялоо иштери башталды.

“Ал эми мектептердин толук кандуу иштеп башташы боюнча акыркы сөздү сентябрь айынын аягында айтабыз. Учурда санитардык-эпидемиологиялык эксперттер Билим берүү министрлиги менен биргеликте бардык тажрыйбаларды карап, күнү-түнү иштеп жатышат”, — деп билдирди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>