Өкмөт башчы: Жеңиш Разаков чек ара маселесине жооптуу, ал эми Асрандиев ЕАЭБге жооп берет

Өкмөт башчы: Жеңиш Разаков чек ара маселесине жооптуу, ал эми Асрандиев ЕАЭБге жооп берет

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев вице-премьер-министр кызматына барышы мүмкүн. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-февралда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттинде Асрандиевдин талапкерлигин аталган кызматка көрсөтүп жатат.

Асрандиевдин талапкерлиги экономикалык тармакты тейлеген Замирбек Аскаровдун ордуна каралууда. Бул тууралуу өкмөт башчы комитет жыйынында билдирди.

«Жеңиш Разаковдун ишинин тең жарымы алынат. Сиздер «чек ара маселесине көңүл бурбай жатасыңар» деп айтып жатасыздар. Ошол себептен милдеттерди бөлүштүрүүнү көздөп жатабыз. Разаков чек ара боюнча суроолорго жооптуу болот, ал эми ЕАЭБ боюнча жооптуу Асрандиев болот», — деди Абылгазиев.

Белгилей кетсек, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров отставкага кетүү арызын жазган. Ага премьер-министр Өзгөчө кырдаалдар министри кызматын сунуштоодо.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>