Өкмөт чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү үчүн 296 млн сом бөлдү

Өкмөт чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү үчүн 296 млн сом бөлдү

Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүнүн экинчи этабы үчүн мамлекеттик буджеттен 296 млн 250 миң сом каралган. Бул каражаттардын 195 млн сому  Баткен облусундагы чек арага чектеш аймактарга жумшалат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, бул программа 33 иш чараны камтыйт.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Кыргыз-өзбек чек арасын кесип өткөн сызыктын жалпы узундугунун 95%, ал эми кыргыз-тажик чек арасын жалпы узундугунун 60% өз ара макулдашылган.

Тажикстан менен чектешкен Баткен облусундагы бир катар калктуу конуштарда объекттерди куруу жана жер ресурстарын пайдалануу сындуу талаш-тартыш маселелер чыгып, белгилүү бир чыңалуу байкалууда. Жергиликтүү бийлик органдары укук коргоо органдары менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>